Бүгүн юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

01.03.2021, 11:40 Акчабар
Бүгүн юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

1-мартта юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: юридикалык жак Бирдиктүү салык декларациясы декларация салык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу