Юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

28.02.2022, 12:41 Акчабар
Юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

Бүгүн, 28-февралда юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Эске салсак, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: Бирдиктүү салык декларациясы Мамлекеттик салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу