Депутат: Зергерлер алтын ж.б. баалуу заттарды мыйзамсыз ташып кирүүгө аргасыз болушууда

18.10.2019, 13:08 Акчабар
Депутат: Зергерлер алтын ж.б. баалуу заттарды мыйзамсыз ташып кирүүгө аргасыз болушууда

Кыргызстандын зергерлеринин чийки затты (алтын, күмүш ж.б. баалуу металлдарды) эркин импорттого мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошол себептен мыйзамсыз жол менен ташып кирүүгө аргысыз болушат. Бул тууралуу депутат Экмат Байпакбаев бүгүнкү, 19 – октябрдагы «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» парламенттик угууда билдирди. 

Депутаттын айтымында, сырттан алынып келинген жана экспорттолгон баалуу жана жарым-жартылай баалуу асыл таштарга болгон салыкты жоюу менен, Кыргызстан Орто Азия ичинен зер буюмдардын негизги өндүрүүчүсү катары тааныла алат. 

 «Кыргызстанда жылына 18-20 тонна алтын казылып алынат. Өлкөдө ювелирлердин өсүүсү  үчүн казылып алынган алтын-күмүш ж.б. чийки заттардын бардыгы бар», — деп билдирди депутат. 

Бирок, ошол эле учурда тоскоолдуктар жаралбай койбойт. Ал эскирген ченемдик жана укуктук база , зергерлер үчүн алтын чийки затына болгон мүмкүнчүлүктүн жоктугу, зер буюмдарды жасоодо бут тосуулар, салык кызматы тарабынан туура эмес практика деп билдиришти демилгечилер. 

КР ювелирлер жана ишкерлер союзунун жетекчиси Сталбек Акматовдун айтымында, эгерде бул долбоор ишке ашса, кыргызстандык зергерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Алардын бири, ата мекендик продукциянын баалулугу артып, Кыргызстандын экономикасына зор салым кошулаарын белгиледи. 
 

Депутат Экмат Байпакпаев жыйындын жүрүшүндө Улуттук банкка, кыргыз тыйындарын Казакстандан эмес, өзүбүздүн зер усталардан чыгаруу керек деген сунушун билдирди. 

 

Тэги: ювелирная отрасль НДС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу