Түштүк Корея кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйттү

02.12.2021, 15:29 Акчабар
Түштүк Корея кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйттү

Билим берүү тармагындагы кызматташуунун алкагында Түштүк Корея кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйттү. Бул тууралуу Дүйшөмбү шаарындагы "Борбордук Азия – Корея Республикасы" кызматташтыктын 14-форумунда Түштүк Кореянын делегациясы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге билдирди.

Квота 36 адамга көбөйтүлдү. Буга чейин, 2019-жылдан бери квота 19 адамды түзгөн.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери түз авиакаттамдарды ачуу жана айыл чарба, билим берүү, саламаттык сактоо тармагында долбоорлорду ишке ашыруу жана Түштүк Кореядан максаттуу инвестицияларды тартуу маселесин көтөрүштү.

"Борбордук Азия+Корея" кызматташтык форуму өтүп жаткан жерде айтылган кыргыз тараптын мөңгүлөрдүн эрүүсүнө жол бербөө, пандемияга каршы күрөшүүдө медицина кызматкерлеринин билимдерин бөлүшүү боюнча кызматташууну бекемдөө боюнча сунуштарын корей тарап колдоду", — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Тэги: квота Южная Корея Кыргызстан глава МИД КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу