Мамлекеттик ишканалар жылдык кирешенин жарымынан көбүн табышты

24.05.2023, 11:51 Акчабар
Мамлекеттик ишканалар жылдык кирешенин жарымынан көбүн табышты

Мамлекеттик ири компаниялар менен натыйжалуу иш алып баруунун натыйжасында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик дивиденддерди алууда тарыхый жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетке мамлекеттин катышуусу менен ачык акционердик коомдордон таза пайдадан 6,1 миллиард сом дивиденд түшкөн. Белгилеп кетсек, ушул жылдын 23-майында эле республикалык бюджетке 9 миллиард сом чогулган.

Мамлекеттик ишканалардын 2022-жылдагы таза кирешеси 2 миллиард 285 миллион 838 миң сомду түздү. Ошол эле учурда 2023-жылдын биринчи кварталындагы таза киреше 1 миллиард 157 миллион 660 миң сомго жетти.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылга мамлекеттик жайларды ижарага алуудан түшкөн таза киреше 147 миллион сомду, ал эми быйылкы жылдын биринчи кварталында 61 миллион сомду түздү.

Тэги: экономика ФУГИ рекордная выручка новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу