Кыргызстандын ИДПсы 7%га өстү – Жапаров

24.11.2022, 13:35 Акчабар
Кыргызстандын ИДПсы 7%га өстү – Жапаров

Быйыл 10 айда Кыргызстандын ички дүң өнүмү 7%га өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал эл аралык институттар Кыргызстандын экономикасына 2022-жылга карата пессимисттик божомолдорду бергенин эске салды.

“Мисалы, Дүйнөлүк банк 2022-жылы Кыргызстандын экономикасы 5%, Moody's рейтинг агенттиги 1% кыскарат деп болжолдогон. Эл аралык валюта фонду  экономиканын өсүшүн 0,9%, Евразия өнүктүрүү банкы 1,1% деп болжолдогон”, — деди Акылбек Жапаров.

Бирок Жапаровдун айтымында, көрүнүш таптакыр башка. Айыл чарбасында 10 айда 6,7%, курулушта 5% энергетикада 14,9% жана кызмат көрсөтүүдө 4,1% өсүү байкалды.

 

Тэги: новости Кыргызстана ВВП КР Жогорку Кенеш КР прогнозы экономика Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу