Салык кызматы 11 айда 95,7 млрд сомдон ашык салык чогултту

08.12.2021, 11:05 Акчабар
Салык кызматы 11 айда 95,7 млрд сомдон ашык салык чогултту

Мамлекеттик салык кызматы январь-ноябрь айларында 95 млрд 720,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Муну менен белгиленген план 4,2 пайызга аткарылды же 3 млрд 851,1 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу салык 25,4 млрд сомго көп жыйналган.

“Анын ичинен ушул жылдын ноябрь айында 9 млрд 950,3 млн сом салык жыйналды. План 8,4 пайызга же 769,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 млрд сомго көп жыйналды" (өсүү темпи 30,4 пайыз), - деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.

Тэги: налоги бюджет деньги Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу