Кыргызстанда 2005-жылдан бери өнөр жай өндүрүшүндөгү керектелген электр энергиясынын көлөмү 12,55%га өстү. Мындай эсептөөлөрдү “Акчабар” Улуттук статистикалык комитети жарыялаган “Күйүүчү май балансында” аттуу маалыматтардын негизинде чыгарды.
Ага ылайык, 2005-жылы өлкөнүн өнөр жай ишканалары 1 миллиард 873 миллион 900 миң кВт/саат электр энергия керектеген. Ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч 2 миллиард 109 миллион 100 миң кВт/саатка чейин өскөн.
Ошол эле учурда, эң жогорку керектөө 2018-жылы болуп, ишканалардын электр энергиясын керектөөсү 2 миллиард 427 миллион 900 миң кВт саатты түзгөн. Өлкөдө ишканалар 2020-жылы электр энергиясын эң аз 1 миллиард 667 миллион 300 миң кВт/саат керектеген.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанда өнөр жай ишканаларынын электр энергиясын керектөө үлүшү 16 жылдын ичинде орто эсеп менен 8%ды түзөт.