Мамкурулуш 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин мамлекеттик бюджеттин эсебинен 6 миллиард 172,1 миллион сомго 193 объектинин курулушун жана капиталдык ремонтун бүткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактардагы баракчасына жазды.
Алардын ичинен:
• 99 мектеп;
• 25 бала бакча;
• 16 саламаттыкты сактоо мекемеси;
• 6 маданий объекти;
• 5 спорт комплекси;
• 30 суу менен камсыздоо объектилери (калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн);
• 12 башка объектилер (административдик имараттар, стационардык транспорттук өткөрүү пункту ж.б.).
Аймактар боюнча:
• Чүй облусу — 22 объект;
• Баткен облусу – 46 объект;
• Жалал-Абад облусу – 27 объект;
• Ысык-Көл облусу — 18 объект;
• Нарын облусу – 18 объект;
• Ош облусу — 47 объект;
• Талас облусу – 15 объект.
Анын айтымында, башка каржылоо булактарынын эсебинен (кайрымдуулук фонддору, аймактарды өнүктүрүү фонддору, донордук фонддор) көрсөтүлгөн мөөнөттө өлкө боюнча 130 социалдык объектинин курулушу бүткөрүлгөн.