Былтыр Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылган

02.02.2023, 16:21 Акчабар
Былтыр Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылган

Былтыр Талас облусунун республикалык бюджетке болгон салымы 10 эсеге өскөн. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коллегиясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылга карата социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы, ошондой эле быйылкы жылдын пландары каралды.

“Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ишинин жыйынтыгы оң бааланып, жыйынтыгы жакшы. 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өстү. 2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылган”, - деди Байсалов.

Жыйында 2022-жылы облуста ар кайсы багытта 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылгандыгы айтылды. Анын негизинде 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Ошондой эле, 3 бала бакча, 4 мектеп пайдаланууга берилип, мектепке кошумча жаңы имарат курулган.

Тэги: новости Кыргызстана Таласская область бюджет дотации деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу