Быйылкы жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик ички жана тышкы карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 30 миллиард 640,8 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилеп кетсек, ички карызга бюджеттен 10 миллиард 6,7 миллион сом жумшалган.
Мамлекеттик тышкы карызга 20 миллиард 634,1 миллион сом бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 434 миллиард 437,12 миллион сомду (5,2 миллион доллар) түзөт.