Ушул жылы Улуттук банк 456 млн. долларга интервенция жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Атай Акпаралы уулу билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө доллардын тартыштыгы жок, чет элдик валютанын баасы толугу менен суроо-талап менен сунуштан көз каранды.
Ал эми Улуттук банктын экономика бөлүмүнүн башчысы Бегайым Кудайбердиева жыл аягына чейин инфляциянын төмөндөшү күтүлүп жатканын белгиледи.