Акыркы төрт күндө өлкөнүн ички карызы алты млн сомдон ашты

15.11.2022, 11:24 Акчабар
Акыркы төрт күндө өлкөнүн ички карызы алты млн сомдон ашты

Кыргызстандын ички карызы 11-ноябрдан 15-ноябрь аралыгында 6 млн 77 миң сом болду. Бул  туурасында Улуттук банктын сайтына жарыяланды. 

Ага ылайык, 15-ноябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдери боюнча ички карызы 84 млрд 971  млн 484.8 миң сомду түздү. Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, 11-ноябрга карата ички карыз 84 млрд 965 млн 407.8 миң сом эле. Муну менен, бул аралыкта карыз 6 млн 77 миң сомго өстү. 

Өлкөнүн ички карызынын өсүшү Каржы министрлигинин үч жылдык облигациялар аркылуу карыз алуусу менен байланыштуу. Жайгаштыруу 11-ноябрда болгон. Алгач мекеме аукциондон мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен 1 млрд сом тартууну пландаган. Бирок, суроо-талап төмөн болгондуктан, Каржы министрлиги аны жарым-жартылай канааттандырган. Сооданын жыйынтыгында 1 млн 737 миң сомдук облигациялар жылдык 16% менен жайгаштырылган. 

Кошумчалай кетсек, министрлик 10-ноябрда 12 айлык мамлекеттик казына векселдерди жылдык 8,4% менен 4 млн 340 миң сомго жайгаштырган. Башында 50 млн сом тартуу пландалган. 

 

Тэги: новости Кыргызстана внутренний долг аукцион ГКВ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу