2018 - жылы Австралиядан келген чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 4 млн 641.8 миң долларды түзгөн. Бул тууралуу экономика министрлиги билдирди.
2017-жылы Австралиядан Кыргызстанга 75.4 миң түз чет элдик инвестициялар келип түшкөн. Ал эми 2014-жылы 35.1 млн долларды түзгөн. 4 жыл ичинде Австралиядан Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 7.6 эсеге азайган.
Инвестиция кесиптик, илимий жана техникалык тармактарга жумшалган.