Ушул жылдын январь-апрель айларында Жалал-Абад облусу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) курамына кирген башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүнү көбөйттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,1%га өскөн.
Алсак, облустун өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 76 млн. 154,7 миң долларды түздү.
Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын жалпы көлөмү 1 млрд. 126,6 млн. долларды түзөт.