2012-жылдын январь айынан 2020-жылдын октябрь айына чейин «Унаа» мамлекеттик ишканасы аркылуу 1.5 млн автотранспорт катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон белгилешкендей, 2020-жылдын тогуз айында «Унаа», чет жерден келген жана республика ичинен ээлери алмашкан 213.3 миң автоунааны каттаган. 2019-жылдын ушул эле мезгилинде автоунааларды каттоо боюнча 309 миң кызмат көрсөтүлгөн.
Автоунааларды каттоо боюнча эң жогорку динамика 2018-2019-жылдарга туш келет. Бул Кыргызстандагы «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашышы менен байланыштуу, себеби автоунаалардын ээлери, чоочун айып пулду төлөп калбаш үчүн, мүлктү өздөрүнө массалык түрдө каттай башташкан.
2018-жылы 344.5 миң авто, 2019-жылы - 440 миң авто каттоодон өткөн.