Быйылкы жылдын январынан сентябрына чейин Казакстандын экинчи деңгээлдеги банктары жана банктык эмес алмашуу бюролору жалпы салмагы 822,9 кг болгон 22 миң 837 өлчөнгөн куймаларды сатышты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Улуттук банкы билдирди.
Сентябрь айында жалпы салмагы 108,3 кг болгон 2,5 миңден ашык өлчөнгөн куймалар сатылган.
Казакстанда калк үчүн аффинаждалган алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу программасы Улуттук банк тарабынан 2017-жылы башталган. Иштей баштагандан бери жалпы салмагы 2,4 тонна болгон 65 миң 416 алтын куймасы сатылды.