Калкка шашылыш жардам көрсөтүүгө тогуз айда 400 млн сом жумшалды

12.10.2022, 11:07 Акчабар
Калкка шашылыш жардам көрсөтүүгө тогуз айда 400 млн сом жумшалды

Быйылкы жылдынтогуз айында жарандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарына Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан (ММК) 400 миллион сомго жакын каржыланган. Бул тууралуу фонддун сайтында айтылат.

2022-жылдын январынан сентябрына чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан калкка тез жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарына 397,9 млн сом каржыланган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 47,8%га көп. Анын ичинен 137 миллион сомго жакыны Бишкектин, 40 миллион сомдон ашыгы Ош шаарындагы тез жардам унааларына төлөндү.

Белгиленгендей, ооруканаларда тез медициналык жардам бардык жарандарга бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган абалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт, анын ичинде дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу да бар.

Бөлүмдө дарылоого которууда абалы турукташкандан кийин бейтапка пландуу стационардык жардамдагыдай мамиле жасалат. Мындай учурларда ооруканага жаткыруу үчүн жолдомо талап кылынбайт. Бирок кошумча төлөмдөр жарамдуулугуна, оорунун профилине жана көрсөтүлгөн кызматка жараша жүргүзүлөт.

Саламаттык сактоо уюмдарында дарыланып жаткан бардык жарандарга кечиктирилгис консультациялык медициналык жардам күнү-түнү жана токтоосуз көрсөтүлөт.

Стационардык дарылоодо зарыл консультациялар, лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр үчүн (кымбат баалуу изилдөөлөрдү кошпогондо) кошумча акы алууга жол берилбейт.

Тэги: ФОМС экстренная помощь новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу