Тогуз айда бюджетке 211 млрд сомдон ашык каражат түштү

10.10.2022, 12:05 Акчабар
Тогуз айда бюджетке 211 млрд сомдон ашык каражат түштү

Быйыл акыркы тогуз айда мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 211,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин киреше бөлүгү 45,5%га (66,1 млрд сомго) өстү.

Ошол эле учурда каралып жаткан мезгилде салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 163,4 млрд сомду түздү.

Каралып жаткан мезгил ичинде мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 37,7 млрд сомду, ал эми расмий гранттардан түшкөн каражаттар 10,3 млрд сомду түздү.

 

Тэги: экономика госбюджет новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу