Август айында медиктерге 287,6 млн сом компенсация төлөндү

15.09.2020, 12:30 Акчабар
Август айында медиктерге 287,6 млн сом компенсация төлөндү

17010 медициналык кызматкерге август айында 287,6 млн сом компенсация төлөнүп берилген. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.  


2020-жылдын август айы үчүн эпидемиологиялык очоктордо иштеген 17010 медициналык кызматкерге 287,6 млн сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди. 

 

Карантиндик-казармалык тартипте иштеген медициналык кызматкерлер үчүн бекитилген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү:

  •  кошумча күнүмдүк төлөмдөрдү эске алуу менен дарыгерлер персоналына иштеген 1 күнү үчүн – 3000 сомов, мындан улам 22 иш күнүнө жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 72300 сомду түзөт;
  • орто медперсоналга – 2500 сом, мында 22 иш күнү жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 61300 сомду түзөт;
  • кенже жана техникалык персоналга – 2200 сом, мында 22 иш күнү жана иштегенден кийинки 7 күн изоляция үчүн компенсациялык төлөмдөр 54700 сомду түзөт.

 

Тэги: денежные компенсации медики

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу