Кумтөр Кыргызстандын бюджетин рекорддук суммага толуктады

30.05.2022, 09:38 Акчабар
Кумтөр Кыргызстандын бюджетин рекорддук суммага толуктады

Кумтөр Кыргызстандын бюджетине рекорддук сумманы төлөдү. Төрт айдын жыйынтыгы менен 2022-жылдын январынан апрелине чейин ишкананын дүң кирешесинен салык түрүндө бюджетке 13 миллиард 389 миллион 898,8 миң сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча отчетунда айтылат.

Анын 3 миллиард 604 миллион 27 миң сому дүң кирешеден алынуучу салык болсо, дагы 9 миллиард 785 миллион 871,8 миң сому Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүнүн жылдык суммасы.

Белгилеп кетсек, жалпысынан 2021-жылы Кумтөр бюджетке дүң кирешеден салык түрүндө 8 миллиард 30 миллион 273,7 миң сом жана минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө дагы 2 миллиард сом төлөгөн. Муну менен ушул жылдын төрт айындагы төлөмдөр өткөн жылдагыдан 33,5%га көп болду.

Тэги: Кумтор налоги бюджет Кыргызстан добыча золота

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу