Бүгүн, 19-апрелге карата Улуттук банк тарабынан аффинаждалган алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу баасы 163 622 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар борбордук банктын сайтында жайгаштырылган.
Бир күн мурун кайра сатып алуу 165 миң 490 сомду түзүп жаткан. Муну менен бир унций алтындын баасы 1868 сомго же 23,2 долларга арзандады.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 198 миң 548 сомго сатып алууга мүмкүн. Унция алтынды сатуу баасы 30-марттан бери өзгөрө элек.