Кечээ, 7-декабрда коммерциялык банктар банктар аралык аукциондо 12 миллион 730 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.
Кечээги аукцион 6-декабрдагы жабылган аукциондогу доллардын баасы 84,95 сом менен ачылган. Аукцион жабыларда АКШ валютасынын баасы өзгөргөн жок.
Эске салсак, 6-декабрда Улуттук банк интервенция менен банктар аралык рынокко чыккан. Соодалардын жыйынтыгында жөнгө салуучу орган 59,5 миллион доллар валюта рыногуна саткан. Бул бардык сооданын дээрлик 92%ын түздү.