Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясы бир суткада 11 миң 786,5 сомго же 137 долларга арзандады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Бүгүнкү күндө алтын куймасынын бир унцийин кайра сатып алуу 173 миң 795,5 сомду түздү. Кечээ, 11-апрелде банк 31,1 грамм салмактагы куйманы 185 миң 582 сомго кайра сатып алып жаткан.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө алтындын унциясын 198 миң 548 сомго сатып алса болот. Куймалардын элге сатуу баасы 30-марттан тарта өзгөрүүсүз калды.