Бир сутка ичинде Улуттук банктын алтын куймасынын унциясы 27,47 долларга арзандады

14.07.2022, 09:43 Акчабар
Бир сутка ичинде Улуттук банктын алтын куймасынын унциясы 27,47 долларга арзандады

Улуттук банк тарабынан 14-июлга карата аффинаждалган алтын куймаларынын бир унцийин кайра сатып алуу наркы 145 миң 326,5 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында берилди.

Бирок бир күн мурун, 13-июлда кайра сатып алуу 147 миң 551 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде унция 1,5%га, же 27,47 долларга арзандады.

Бүгүнкү күндө Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 182 миң 602 сомдон сатып алууга болорун кошумчалайбыз.

Мында өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу КР Улуттук банкынын аффинаждалган куймасын кайра сатып алуу наркы 3,9%га, же 73 долларга төмөндөгөн.

Тэги: золото НБ КР аффинированные слитки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу