Бир суткада алтындын унцийи 49,69 долларга кымбаттады

02.12.2022, 09:23 Акчабар
Бир суткада алтындын унцийи 49,69 долларга кымбаттады

Бир сутка ичинде Улуттук банк  чыгарган алтындын бир унций куймасы дагы 4196,5 сомго кымбаттады. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк элден салмагы 31,1 граммды түзгөн куймаларды 157 миң 959,5 сомдон сатып алууда. Бир күн мурун, 1-декабрда кайра сатып алуу баасы 153 миң 763 сомду түзгөн. Ошентип, бир сутка ичинде баа 49,69 долларга жогорулады.

Бүгүн, 2-декабрга карата алынган маалымат боюнча Улуттук банктын алтын куймасынын унцийин 166 миң 276 сомдон сатып алууга болот. 

Тэги: новости Кыргызстана Нацбанк КР золото НБ КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу