Быйыл январь-октябрь айларында “Кумтөр” бюджетти 27 миллиард 59 миллион 310,7 миң сомго толуктады. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Анын ичинен октябрь айында бюджетке 1 миллиард 683 миллион 272,2 миң сом түшкөн.
Кошумчалай кетсек, он айдын ичинде “Кумтөр” бюджетке төлөгөн каражаттын басымдуу бөлүгү өлкөнүн минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө багытталып, жылдык төлөмдөр болгон 18 миллиард 349 миллион 49,2 миң сомду түзөт. Анын 829 миллион 311 миң сому октябрда төлөнгөн.
Бул мезгилде “Кумтөрдүн” дүң киреше салыгы 8 миллиард 710 миллион 261,5 миң сомду түзсө, өткөн айда бюджетке 853 миллион 961,2 миң сом түшкөн.