Кыргызстан 2,4 млрд сомго күн карама майын импорттоду

11.12.2023, 08:43 Акчабар
Кыргызстан 2,4 млрд сомго күн карама майын импорттоду

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ушул  жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстанга 2 миллиард 374 миллион 617,6 миң сомго 25 миң 203,8 тонна күн карама майы импорттолгон. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5 миң 942,4 тоннага же 19,08%га аз.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанга эң көп өсүмдүк майы Россиядан импорттолгон – 21 миң 104,3 тонна 1 миллиард 928 миллион 933,7 миң сомго.

Казакстандан 4 миң 20,4 тонна 437 миллион 16,5 миң сомго, Армениядан 54 тонна 5 миллион 90,4 миң сомго, Азербайжандан 24,6 миң тонна 3 миллион 576,4 миң сомго импорттолгон.

Тэги: новости Кыргызстана подсолнечное масло импорт Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу