Ушул жылдын январынан августуна чейин Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине майнинг иштерине салык түрүндө 4 миллион 622 миң 514 сом түшкөн, деп жазды республиканын Экономика жана финансы министрлиги.
Бардык сумма республикалык бюджет аркылуу мамлекеттик казынага которулду.
Ошол эле учурда майнингчилерден 1 млн 253,7 миң сом же жалпы сумманын 27% дан ашыгы салык органдары тарабынан август өндүрүлгөн.
Эске салсак, Кыргызстанда майнингге салык 2020-жылдын 1-августунда киргизилген. Салык базасы КНСти жана сатуудан түшкөн салыкты кошкондо, керектелген электр энергиясы үчүн алынуучу сумма айына 15%ды түзөт.