Мамлекеттик жумушка орноштуруу кызматынын органдарында жумуш издеп каттоодо турган жумушсуз калктын саны 1-апрелге карата 102,6 миң адамды түздү. Мындай маалыматтарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу ал 5,3% га көп, ал эми катталган жумушсуздардын саны - 79,1 миң адам, же 1,4% га көп.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 46,3% аялдар түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 3,1% түздү.