Кыргызстандын эл аралык дүң резерви октябрдын аягында 2 миллиард 587,08 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Жыл башынан бери өлкөнүн дүң резервдери 2 млрд 762,4 млн доллардан 6,35%га, ал эми өткөн жылдын октябрына карата 3 млрд 149,9 млн доллардан 17,87%га азайды.
Резервдер азайганына карабастан, Кыргызстан ЕАЭБде тышкы карызды эл аралык резервдер менен жабуу боюнча алдыңкы орунда. Алар тышкы милдеттенмелердин 28,4%ын камсыз кылган.