Жыл ичинде «Элкарт» карталары менен операциялардын көлөмү 1,8 эсе өстү

15.09.2022, 12:48 Акчабар
Жыл ичинде «Элкарт» карталары менен операциялардын көлөмү 1,8 эсе өстү

Быйылкы жылдын экинчи чейрегинде "Элкарт" төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялардын саны жана көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу банктар аралык процессинг борборунун статистикалык маалыматында айтылат.

Мындан тышкары, төлөм карталарын чыгаруу темпи тездеди. Бул тенденция 2022-жылдын февралында башталып, апрель айында эң жогорку чегине жеткен. Ошол учурда 121 миң 704 жаңы Элкарт картасы чыгарылган, май жана июнь айларында бир аз төмөндөө байкалган – тиешелүүлүгүнө жараша 90 миң 736 жана 93 миң 632 карта. II кварталда жалпысынан 306 миң 72 карта чыгарылган.

Ошондой эле, "Элкарт" аркылуу ишке ашырылган транзакциялардын рекорддук саны катталды - 20,4 миллиондон ашык транзакция. Бул 2022-жылдын I чейрегине салыштырмалуу 19,8% жана өткөн жылдын II чейрегине караганда 44% көп.

Көрсөтүлгөн мезгил ичинде бүтүмдөрдүн жалпы көлөмү болжол менен 86,6 миллион сомду түздү, бул ушул жылдын үч айына салыштырмалуу 51,8%га, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 эсеге көп.

2022-жылдын март айынан бери улуттук төлөм системасын колдонууда олуттуу өсүш темпи байкалды.

Тэги: карта Элкарт новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу