Кыргызстанда жумурткадан башка негизги азык-түлүк кымбаттады

19.05.2022, 14:25 Акчабар
Кыргызстанда жумурткадан башка негизги азык-түлүк кымбаттады

Кыргызстанда тооктун жумурткасынан башка азык-түлүктөр кымбаттады. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитет тарабынан берилген. “Акчабар” 2022-жылдын май айы менен 2021-жылдын ушул эле айындагы орточо бааларды салыштырып, кайсы товарлардын баасы эң көп кымбаттаганын билүүгө аракет кылды.

Ага ылайык, эттин баасы эң көп кымбаттап, килограммы орто эсеп менен 36 сомго өскөнү белгилүү болду.

Жылкы этинин килограммы 12,31%га, же 47,34 сомго, кой эти 6,81%га, же 32,07 сомго, уй эти 6,2%га, же 28 сомго кымбаттады. Алсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жылкынын эти 431,65 сомго, козу 502,55 сомго, уй эти 481,54 сомго бааланууда.

Кант (21,4 сомго), сүт (15,98 сомго), өсүмдүк майы (14,22 сомго), чай (12,88 сомго), нан (килограммы 11,51 сомго), биринчи жана жогорку сорттогу ун (9,68 сомго) баасы да бир топ жогорулады.

Ушул жылдын май айында кумшекердин орточо баасы 86,6 сом, пастерленбеген сүт – 52,56 сом, өсүмдүк майы – 191,46 сом, жогорку сорттогу ундан бир килограмм нан – 60,81 сом, биринчи сорттогу ун – 48,33 сом, жогорку сорттогу ун - 58,07 сомду түзөт.

Баанын өсүшүнө күрүч (+6,58 сом) жана картошка (+1,25 сом) эң аз таасир этти. Күрүч бүгүнкү күндө республика боюнча орточо эсеп менен 86,58 сомго, ал эми картошка 40,89 сомго бааланууда. Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылдын май айында тооктун жумурткасынын орточо баасы 101,51 сомду түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,16 сомго арзандаган.

Тэги: цены на продукты Нацстатком социально значимые продукты подорожание продуктов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу