Бир жыл ичинде жумушсуздардын саны 5,3 миң адамга кыскарды

16.08.2022, 10:02 Акчабар
Бир жыл ичинде жумушсуздардын саны 5,3 миң адамга кыскарды

Өткөн жылдын июнь айынан 2022-жылдын июнь айына чейин Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 0,2% кыскарды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалыматы тастыктайт.

Алсак, июнь айынын акырына карата республика боюнча мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарында 75,2 миң адам катталган, бирок Кыргызстан жумушчу күчүнө (2,9%) карата жумушсуздуктун деңгээли боюнча экинчи өлкө бойдон калууда.

Ошол эле учурда жумушсуз жарандардын эң көп саны Арменияда катталып, бул көрсөткүч 4,2%ды түзгөн.

Ал эми Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ичинен жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Беларуста болгону - 0,2%ды түзөт.

Тэги: безработица ЕЭК Армения Беларусь рабочая сила

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу