Июнь айынын аягында Кыргызстанда 165 миллиард 23,8 миллион сомдук банкнот жана монеталар жүгүртүүгө чыкты. Мындай маалыматтар республиканын Улуттук банкынан белгилүү болду.
Ошол эле учурда 2021-жылдын июнь айында 136 миллиард 163,5 миллион сомго накталай акча жүгүртүүдө болгон. Алсак, жыл ичинде накталай акчанын көлөмү 21,2%га, же 28,8 млрд сомго көбөйдү.
Улуттук банктагы банктардын жана башка каржы мекемелеринин акчасы 43,8 миллиард сомду түзгөнүн кошумчалайбыз. Жыл ичинде каражаттын көлөмү 15,3 миллиард сомго көбөйдү.