Ушул жылдын январь-июлунда ИДП болжол менен 337 миллиард сомду түздү жана 2020-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 1,6%га төмөндөдү. Алдын ала маалыматтарды Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекемеде белгиленгендей, Кумтөр кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, ушул жылдын январь-июль айларында ИДПнын көлөмү болжол менен 306 млрд сомду түзүп, 3,6%га өстү.
Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдын январь-июль айларында 175 миллиард сомдон ашты.