Эгемендиктен бери Кыргызстан жол курууга 3 млрд $ жакын насыя алган

15.02.2023, 13:00 Акчабар
Эгемендиктен бери Кыргызстан жол курууга 3 млрд $ жакын насыя алган

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жолдорду курууга алган насыянын жалпы суммасы 2,7 миллиард долларды түздү, деп билдирди Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында.

Чиновник бул цифраны “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Эльвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып атады.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө мекеме тарабынан акы төлөнүүчү жолдорду куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканын, аларга коюлган талаптардын бири подрядчылар бул каттамдарды жети жыл оңдобостон иштетүүгө кепилдик бериши керектигин билдирди.

Тэги: новости Кыргызстана новости экономики экономика строительство дорог кредиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу