УКМК “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канатбек Ашырбаев менен "Кара-Кече" филиалынын эсепчисин кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме аларды Кара-Кечеден казылган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган деп айыптоодо.
"Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү жылына 600 миллион сомго жакын суммадагы 370 миң тоннадан ашык аз көрсөтүлгөн фактыны аныктады", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда алар атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалганы маалым болду.