Кыргызстанда дизель бир айда 7,4%га кымбаттады

09.09.2022, 10:07 Акчабар
Кыргызстанда дизель бир айда 7,4%га кымбаттады

Кыргызстанда 5-августтан 5-сентябрга чейинки бир айдын ичинде дизелдик отундун орточо баасы 70,73 сомдон 75,95 сомго кымбаттады. Муну Улуттук статистикалык комитеттин баа мониторингинин маалыматы тастыктайт.

Август айынын ичинде дизелдик отунга баанын акырындык менен өсүшү байкалган, сентябрда бул тенденция сакталган, бирок өсүү темпи басаңдаган. Кырдаал дыйкандардын түшүм жыйноо үчүн күйүүчү майга болгон суроо-талаптын жогору болушуна байланыштуу сезондук факторго байланыштуу.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, дизель майы эң кымбат Исфана (81,33 сом) жана Баткен (80,65 сом) шаарларында сатылса, эң арзан дизель майы Таласта 74,22 сом, борбордо 74,99 сом болду.

Ай ичинде АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы салыштырмалуу туруктуу болду.

Базардагы бааларды да көзөмөлдөгөн Монополияга каршы комитеттин маалыматы боюнча, 7-сентябрга карата дизель майынын баасы 76,6 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 62,5 сомду түздү, АИ-95 боюнча маалымат берилген жок.

Тэги: дизельное топливо цена Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу