Бир айда көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча 20 айып пул салынды

02.12.2022, 14:29 Акчабар
Бир айда көмүрдүн баасын жөнгө салуу боюнча 20 айып пул салынды

Көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча бир ай ичинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 20 айып пул салган. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Жалпысынан өлкө боюнча 186 иш сапар жүргүзүлүп, түшүндүрүү иштерине 556 субъект камтылып, 390 билдирүү берилген.

“Жалпы мыйзам бузуу боюнча 109 факты аныкталып, алар боюнча кызмат тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө токтомдор кабыл алынды”, - деп билдирди Монополияга каршы күрөшүү кызматы. 

Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасынын алкагында "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын отун базары аркылуу көмүр сатуу Кадамжай районундагы жергиликтүү көмүр 4000 сом, Сүлүктү көмүрү 8000 сом болууда. Ал эми Нарын облусунун Жумгал районунда көмүрдүн тоннасы 2,2 миңден сатылууда. Импорттолуучу көмүрдүн максималдуу баасы 5,4 миң сомго бааланууда.

 

Тэги: новости Кыргызстана антимонополия цены на уголь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу