Июлдун аягында коммерциялык банктардын кредит портфели 173,3 млрд сомго чейин азайган. Анын 121,9 миллиарды улуттук валютада, 51,4 миллиарды чет элдик валютада, деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.
Бир айда эле чет өлкөлүк валютадагы кредиттердин үлүшү 887 миллион сомго азайган. Жыл башынан бери чет элдик валютадагы кредиттердин көлөмү 2,5 миллиард сомго кыскарды.
Карама-каршы тенденцияны улуттук валютадагы кредиттер көрсөтүүдө - ай ичиндеги өсүш 720 миллион сомду түздү. Жыл башынан бери өсүш 13,2 миллиард сом болду.