2021-жылдын январь-апрель айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тоо-кен өнөр жайынын көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5% га жогорулады. Мындай маалыматтарды ЕЭК билдирди.
Бирок, апрель айындагы тармактык көрсөткүчтөр март айындагы көлөмгө салыштырмалуу 1,7% га төмөндөгөн. Эң чоң төмөндөө Казакстанда - 3,9%, Орусияда 1,5%, Беларуссияда - 1,6% байкалган.
Армениянын тоо-кен өнөр жайы оң динамиканы көрсөтүп, өсүш 5,1% ды түздү, Кыргызстан 8,4% менен эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ.