Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу талаптарын бузган эки коммерциялык банкка 5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Сөз террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген санкциялар жөнүндө болуп жатканы такталган.