Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн акча алмаштыруу жайынын лицензиясын алты күнгө токтотту. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Тактап айтканда, 5-октябрдан 11-октябрга чейин "Байкут и Ко" ЖЧКсынын алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулган.
Компания Бишкекте иштейт.