Бир жумада партиялардын шайлоо фонддоруна дагы 27,3 млн сом которулду

15.11.2021, 11:03 Акчабар
Бир жумада партиялардын шайлоо фонддоруна дагы 27,3 млн сом которулду

Ушул жылдын 10-ноябрына карата 21 саясий партиянын шайлоо фонддорунун атайын эсебине 147 миллион 509 миң 628 сом түшкөн. Мындай маалыматты Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Ошентип, бир жума ичинде шайлоо фонддору 27 миллион 329 миң 236 сомго толукталды. Бул убакытта эң көп акча “Ынтымак” (+6 миллион 130 миң 136 сом) жана “Ата Журт Кыргызстан” (+5 миллион 429 миң 367 сом) саясий партияларынын эсебине түшкөн.

Ошол эле учурда саясий бирикмелердин чыгашалары да көбөйдү. Алсак, 10-ноябрга карата алар 124 миллион 453 миң 617 сом, бир жумада 21,9 миллион сом сарптаган. Муну менен 10-ноябрга карата партиялар шайлоо фонддорунун бардык каражаттарынын 84,4%ын сарпташты.

Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Тэги: выборы Кыргызстан Жогорку Кенеш депутаты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу