Кыргызстан бир жумада 3 миң тоннадан ашык мөмө-жемиш экспорттоду

08.09.2022, 09:50 Акчабар
Кыргызстан бир жумада 3 миң тоннадан ашык мөмө-жемиш экспорттоду

Быйылкы жылдын 26-августунан 1-сентябрына чейин Айыл чарба министрлигинин Химизациялоо, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери тарабынан экспортко багытталган 7 миң 369 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул аптада өлкө экспортунун негизги көлөмү 3 миң 108 тонна мөмө-жемиштерден түзүлдү. Чүй облусунан Орусия жана Казакстанга 2 миң 379 тонна мөмө-жемиш экспорттолгон. Ысык-Көл облусунан араб өлкөлөрүнө 2 тонна өрүк экспорттолду. Ош облусунан Россияга хурма, алма, шабдалы, жүзүм, алмурут, анар, кара өрүк сыяктуу 695 тонна мөмө-жемиш жөнөтүлдү.

Жашылча экспортунун көлөмү да 1 миң 512 тоннага чейин өстү. Чүй облусунан Россия жана Казакстанга 953 тонна жашылча экспорттолду. Ош облусунан Россия Федерациясына жашылча экспортунун көлөмү 159 тоннаны түздү. Талас облусу Казакстан, Беларусь жана Россияга 395 тонна кызыл калемпир, Казакстан Республикасына 2,6 тонна картошка экспорттогон.

Кошумчаласак, бул жумада Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынан Орусия жана Казакстанга 427 тонна жаңгак жиберилди.

Тэги: экономика объем экспорта подкарантинная продукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу