Бир жумада биржадагы сооданын көлөмү 28 эсеге өстү

15.12.2022, 12:43 Акчабар
Бир жумада биржадагы сооданын көлөмү 28 эсеге өстү

Өткөн аптада Кыргыз фондулук биржасындагы соода системасында 1 млрд 4,54 млн сомдук бүтүмдөр катталды. Бул тууралуу биржанын сайтына жарыяланды. 

Эскерте кетсек, соодалар корпоративдик баалуу кагаздар менен гана жүргүзүлгөн. Мурунку мезгилге салыштырмалуу сооданын көлөмү бир топ өскөн.

Биринчилик рынокто компаниялардын акциялары жана корпоративдик облигациялары менен бүтүмдөр катталып, жалпы соода көлөмү 1 млрд 3,02 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, сооданын негизги көлөмү “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын 1 миллиард сом өлчөмүндө жайгаштырылган жөнөкөй акцияларынын 15-чыгарылышына туура келген. Акциянын жайгаштыруу наркы 100 миң сомду түзөт. 

Экинчилик рынокто жалпы суммасы 1,53 млн сомго 7 гана бүтүм катталып, бөлүмдүн эң ири бүтүмдөрү “Манас” эл аралык аэропорту ААКнын 96 миң сом өлчөмүндөгү жөнөкөй акциялары менен жүргүзүлгөн. Бүтүмдөр боюнча акциянын баасы 800 сом деңгээлинде болду. 

 

Тэги: КФБ экономика новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу