10 айда Кумтөр бюджетти дээрлик 28 млрд сомго толуктады

28.12.2022, 12:10 Акчабар
10 айда Кумтөр бюджетти дээрлик 28 млрд сомго толуктады

Быйылкы жылдын январынан ноябрына чейин Кумтөр мамлекеттик бюджетти 27 миллиард 772 миллион 173,9 миң сомго толуктаган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Анын ичинен бюджетке 9 миллиард 423 миллион 124,8 миң сом Кумтөрдүн дүң кирешесине салык түрүндө жана дагы 18 миллиард 349 миллион 49,2 миң сому республиканын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө төлөм түрүндө түшкөн.

Белгилеп кетсек, алтын өндүрүүчү компания ноябрь айында дүң кирешеден 712 миллион 863,3 миң сом салыкты казынага которгон. Ноябрда сырьелук базаны өнүктүрүү үчүн акы төлөөдөн түшүүлөр болгон эмес.

Тэги: новости Кыргызстана Кумтор налоги бюджет деньги добыча золота

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу