Сингапур бийлиги Олимпиада алтыны үчүн 738 миң доллар төлөйт - Forbesтин рейтинги

02.08.2021, 16:30 Акчабар
Сингапур бийлиги Олимпиада алтыны үчүн 738 миң доллар төлөйт - Forbesтин рейтинги

Олимпиаданын алтын медалы үчүн Сингапур бийлиги спортчуларын 738 миң доллар менен сыйлайт. Дүйнөдөгү төлөмдөрдүн рейтингин Forbes журналы жазып чыкты.

Олимп оюндарынын күмүш медалынын Сингапурлук ээси 500 миң доллар, үчүнчү орун үчүн 250 миң доллар алат.

Расмий Тайбэй алтын үчүн 20 миллион тайвань доллары же 716 миң доллар төлөйт. Кийинки орунда Индонезия турат, алар биринчи орун үчүн 346 миң доллар убада кылышкан, Бангладеште - 300 миң доллар берилет.

Казак бийлиги өз чемпиондоруна 250 миң доллардан (алтын), 150 миң доллар (күмүш) жана 75 миң доллар (коло) төлөп берет. Малайзияда биринчи орун үчүн 237 миң доллар, экинчиге - 71 миң доллар, үчүнчүгө - 24 миң доллар убада кылынды. Ошондой эле, ай сайын тиешелүүлүгүнө жараша 1.2 миң $, 700 $ жана 470 $ өлчөмүндөгү стипендиялар дайындалат.

Италиялык спортчулар алтын үчүн 214 миң доллар (180 миң евро), күмүш үчүн 90 миң доллар, коло үчүн 60 миң доллар алышат.

 

Филиппин Олимпиаданын медалчыларына 200 миң доллар төлөйт, Венгрияда 166 миң доллар (1-орун), 118 миң доллар (2-орун), 94 миң доллар (3-орун) менен сыйланышат.

Косоволук олимпиадачылар алтын медаль үчүн 119 миң доллар (100 миң евро), күмүш медаль үчүн 60 миң евро жана коло медалга 40 миң евро алышат.

Кыргызстандык олимпиадачылар болсо алтын медаль үчүн 118 миң доллар, күмүш медаль үчүн 82,6 миң доллар жана коло медаль үчүн 59 миң долларна ээ болот. 

 

Тэги: олимпиада Токио-2020

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу