2021-жылдын январь-февраль айларында республикалык бюджеттен Кыргызстандын мамкарызын төлөөгө 5.4 млрд сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында маалымдалат.
Муну менен катар, тышкы карызды төлөөгө 3.04 млрд сом, ички карызга — 2.4 млрд сом жумшалган.
Кошумчалай кетсек, 1.4 млрд сом ички жана тышкы карыздын үстөк пайызын төлөөгө багытталган.